13
Февраль
2013
Бүгүн,12-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Барак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Премьер-министр Барак эксклавынын көйгөйлөрүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен гана чечүүгө болот деп белгиледи. “Эксклавдын көйгөйлөрүн чечүүнүн бир нече варианттары бар. Азыркы учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө”,- деди Ж. Сатыбалдиев.
Өкмөт башчысы тиешелүү тармактарга Барак айылынын тургундарына өз убагында зарыл көлөмдөгү тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү