29

Март

2013

Бүгүн, 29-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргызстан евразиялык интеграциялоонун жолунда” аттуу эл аралык конференциясына катышууга келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда  Ж. Сатыбалдиев менен И.Шуваловдун  негизги талкуулаган темасы  Кыргызстандын Бажы Биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү маселеси болду.Мындан тышкары тараптарРоссиянын Президенти Владимир Путиндин 2012-ж. расмий сапарынын учурунда кол коюлган келишимдердин мамлекет ичинде бүткөрүү процедураларын талкуулашты. 

Премьер-министр Ж.Сатыбылдиев, Москва шаарында ушул жылдын апрель айынын экинчи декадасында өтүүчү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан чоң жетишкендиктерди күтөөрүн билдирди. 

И.Шувалов КР Премьер-министри башында турган кыргыз делегациясынын Москвага келишине жана Өкмөттөр аралык комиссияны өткөрүүгө россиялык тарап дыкаттык менен даярданып жатышканын белгиледи. 

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин  Кеңешинин сессиясынын ишине катышуу үчүн  2013-жылы май айында Бишкекке Владимир Путин келээри белгиленди.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү