25
Январь
Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сарожа Кумара Джа менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар 2013-жылга болгон биргелешкен пландарды ишке ашырууну талкуулашты жана тоо кен тармагында, энергетикалык сектордо инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ой бөлүштү.
Премьер-министр жакында кабыл алынган 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги багыттары жана ушул жылдын июль айында Бишкекте донорлор коомчулугунун эл аралык конференциясын өткөрүү жөнүндө айтып берди.
Аталган конференциянын ишине Дүйнөлүк Банк активдүү катышаары тууралуу Сарож Кумар Джа ишендирип, туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында өлкөгө жардам берүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү