30
Март
2013
Бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жанаЧайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКнын жетекчилиги Кара-Балта шаарында муңаң затын кайра иштетүүчү заводдун курулушунун жүрүшүн жана ишке киргизүү мөөнөтүн талкуулашты.
Жантөрө Сатыбалдиев аталган заводдун Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн айтуу менен, заводдун ишке кириши менен өлкө күйүүчү-майлоочу майларды импорттоодон көз карандылыгы кыскараарын, жаңы жумушчу орундар түзүлөөрүн жана мамлекеттик бюджетке ар түрдүү салык төлөмдөрү түшөөрүн белгиледи.
Премьер-министр инвесторлорго алардын 2013-жылдын аягына чейин 80 миң даяр продукция өндүрүү боюнча милдеттемесин, ошондой эле мамлекеттик бюджетке 20 млн. АКШ долларын салык түрүндө чегерээри тууралуу эске салды. Мындан тышкары Өкмөт Башчысы инвесторлорду Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдык нормаларын сактоосунун зарылчылыгын билдирди жана завод ишке киргизилгенде жалпы жамааттын санынын 90 пайызы кыргызстандык жарандардан болушун белгиледи.
“Өкмөт мунайды кайра иштетүү заводун тез ишке кириши үчүн болгон жардамды көрсөтүүгө даяр”- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Чайна Петроль Компани «Джунда»ЖЧКсынын Президенти Яо Гаомин ушул жылдын июль айына карата бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп августта ишке киргизилээрин, күзүндө завод толук кандуу ишке кирип иштей турганы тууралуу маалымдады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү