14
Февраль
Бүгүн, 13-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Европалык Создун Борбордук Азия боюнча Атайын Өкүлү Патриция Флор менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Европалык Союздун ортосундагы кызматташуунун маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү, сот-укуктук реформалары жана мыйзамдуулуктун барынан жогору туруу камсыздоо тармагында өз ара биргелешип иштөө, коопсуздук маселелери талкууланды.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Европалык Союздун чек ара коопсуздугун камсыздоо жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштөгү БОМКА/КАДАП программаларынын салымын белгиледи жана бул багытта кызматташууну улантууну сунуштады.
Патриция Флор Европалык Союз жалпы Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.
Европалык Союздун өкүлү өз сөзүндө биздин өлкөдө сот-укуктук реформалары жана мыйзамдуулуктун барынан жогору туруу принцибин камсыздоо боюнча иштер уланаарын жана бул максатта Европалык Союз тарабынан жаңы программа кабыл алынганын ырастады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү