28

Ноябрь

2013

 Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин Өкмөт  башчыларынын Кеңешинин XII жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына учуп кетти.

Жыйында ШКУга кирген мамлекеттердин соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыгынын келечеги жана аны тереңдетүү маселелери каралат.

Бүгүн, Жантөрө Сатыбалдиев Өзбекстандын Премьер-министри Шавхат Мирзиеев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле, Кыргыз Өкмөт башчысы Кытай Эл Республикасынын  Премьер-министри Ли Кэцян жана Тажикстан Республикасынын жаңы Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугаары күтүлүүдө.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү