30
Январь
2013
Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Казахстандын Премьер-министри Серик Ахметовго Алматы шаарына жакын жерде болгон авиа кырсыкка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жиберди.
Телеграмманын тексти:
“Урматтуу Серик Ныгметович,
Алматы шаарына жакын жерде болгон авиакырсыктан адамдардын көз жумгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгон жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөм.
Терең кайгыруум менен Жанторо Сатыбалдиев