05
Декабрь
2012
Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ) мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрийй Медведев менен жолугушту.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев россиялык тарапка көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
“Акыркы үч айда биргелешип жасалган иш чаралар кыргыз-россия мамилелеринин динамикалуу өсүшү тууралуу күбөлөндүрөт. Бул албетте биздин кызматташуубуз практикалык иш жүзүндө жакшы жүрүп жатканын көрсөтөт.”, - деди Ж.Сатыбалдиев
Д.Медведев Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өткөргөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык айтты.”Баардыгы аябагандай татыктуу өттү. Алдын ала пландаштырылган жыйынтыктарга жетиштик”,- деди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрийй Медведев.
Жолугушуу учурунда жакынкы жылдардагы белгиленген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлор, мындан ары товар алмаштырууну көбөйтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштар боюнча эки тараптуу кызматташуунун багыттарынын маселелери талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү