05

Декабрь

2012

 Бул тууралуу, бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ) мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди.

Мурда макулдашылган күн тартиби боюнча тараптар дүйнөлүк жана регионалдык экономикалык абалды, ошондой эле ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, гуманитардык кызматташуунун чараларын жана келечегин теренддетүү боюнча маселелерди талкуулаганын КР Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев  маалымдады.

“Учурдагы форматтын алкагында биргелешип иштөөнүн приоритеттүү жана кечиктирилгис чараларынын багыттарынын конкреттүү максаттары жалпыбыздын аракетибиз менен такталды. Бардык региондордогу элдердин байгерлик жашоо кызыкчылыгы үчүн колдо бар потенциалды ишке ашыруу менен ар түрдүү тармактарда эриш-аркак кызматташуу иш жүзүндө өнүгүшүнө багытталган конструктивдүү идеялар айтылды”,- деди Ж. Сатыбалдиев.

Өкмөт башчылары тарабынан бүгүнкү күндүн эң маанилүү жана курч документи болгон - соода-экономикалык тармактагы конкретүү долбоорлорду жана иш-чараларды аныктоочу “жол картасы” болгон ШКУнун алкагындагы долбоордук ишмердүүлүктү 2012-2016-жылдарга  мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралардын Тизмеси кабыл алынды.

Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Премьер-министрлери  эмдиги ШКУнун мамлекет мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынын 2013-жылы күзүндө Өзбекстан Республикасында өткөрүү чечимин кабыл алышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү