10

Ноябрь

2012

Бүгун, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн Ош областындагы иш сапарынын алкагында жеке турак жай куруу үчүн кезекте турган жарандарга жер участоктору берилип жаткан Кең-Сай массивинде болду. Тургундардын айтуусу боюнча, учурда аталган турак жай массивинде инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Премьер-министр суткалык жөнгө салуу бассейинди жана ирригациялык каналды карап чыгып, Өкмөт баштаган ишин аягына чейин чыгараарын белгиледи.

Андан соң Премьер-министр «Ош шейиттери», «Дайынсыздар» жана «Өчпөс от» коомдук уюмдарынын мучөлөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Ички иштер министиринин орун басары Курсан Асанов июнь окуялары боюнча козголгон жана ачылган кылмыш иштери тууралу толук маалымат берди.

Сүйлөшүү учурунда жабыр тарткандар жардамга жана реабилитацияоого муктаждыктарын айтышты. Өз кезегинде Өкмөт башчысы жакын туугандары дайынсыз жоголгон 24 үй бүлөө жакын арада психологиялык реабилитациялоонун тиешелүү курсун алаарына убада берди.

Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев Ош областынын активи менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчысы өз сөзүндө Өкмөттүн кышка даярдык, агрардык секторду колдоо, коррупция менен күрөшүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча Өкмөттүн иштеринин негизги багыттарына кыскача токтолду. Премьер-министр өз сөзүндө акыркы бир нече жуманын ичинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн бюджеттен 500 млн. сом сарпталганына токтолду.

Активде Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов 9 айдын жыйынтыгы жана кышка даярдык боюнча доклад жасады. Ал өз сөзүндө түштүк борбордо жаңы бала бакчасы курулганын, дагы бирөө курулуп бүтүп калганын, Ош шаарын көрктөндүрүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөнүн жана 37 көп кабаттуу турак үйлөр жылуулук электр борборго кошулганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков областын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы тууралуу жогорудагыдай эле доклад жасады. 10 ай ичинде областа 12 жаңы ишкана ачылганын, айыл чарба секторунда 29 млрд. сомдук продукция чыгарылганын жана кышка даярдык боюнча областын тургундары көмүр сатып алып жаткандыгы тууралуу Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө токтолду.

Андан соң Өкмөт башчысы областтык активдин суроолоруна жооп берди. Кыргыз Республиксынын экономикасынын динамикалуу өсүшүнө эмне зарыл деген суроого Жантөрө Сатыбалдиев – «Бул үчүн бизге тынчтык, саясый туруктуулук жана улуттар аралык ынтымакты сактоо гана керек. Биздин мамлекет оор учурду өз башынан өткөрдү. Ошондуктан биз саясый туруктулуктуу жана жарандар аралык ынтымакты сакташыбыз өтө маанилүү. Буларсыз Кыргызстандын динамикалык өсүшүн элестетүү мүмкүн эмес, эгерде абал туруктуу болсо туристтер да, инвестерлор да келишет. Абалды дестабилдештирүү боюнча айрым элементтердин чагымчылыгына маани бербеш керек. Касташып конфротацияда жашагандан көрө, бир-бирибизди түшүнүү менен жашоо жакшы экендигин, бейпилдикти жана эмгекти баалаган бардык жарандар жакшы билишет. Кыргызстан бул көп улуттуу мамлекет, ошондуктан биз ушул тең салмактуулукту сакташыбыз керек. Ошондо гана биз ийгиликтерге жетишебиз жана өзүбүздүн балдарыбызды, неберлерибизди татыктуу келечек менен камсыз кыла алабыз. Эгерде мен, биздин эң башкы байлыгыбыз – жаратылыш жана кен байлыктары эмес, ал биздин элибиз деп айтсам, мен жаңылык ачпасмын. Ошондуктан, өлкөбүздүн ар бир жаранынын оюн ишке ашырууга шарт түзүү үчүн бир-бирибизди баалайлы жана сыйлайлы» - деп Оштун тургундарын чакырды. «Ош-Ноокат-Исфана» автоунаа жолун калыбына келтирүү суроосун чечмелөөдө Жантөрө Сатыбалдиев курулуш мезгили башталаары менен бирге курулуш иштери жүрөрүн айтты. «Эң башкысы каржылоо маселеси он жагынан чечилүүдө жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүү аяктоо стадиясында» - деди премьер-министр.

Ошондой эле областтык актив менен жолугуу учурунда Өкмөт башчысы келерки жылдын башталышында мамлекеттик жекече өнөктөштүктүн негизинде түрткү берүүчү гранттарды берүү башталаарын айтты.

Кытай менен байланыштыруучу темир жолдун курулушу тууралуу суроого Премьер-министр - жолдун өлкө үчүн маанилүүлүгүнө токтолду жана Өкмөт анын курулушуна кызыкдар экендигин айтты.

Актив менен жолугушуудан соң Премьер-министр жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү