06

Октябрь

2012

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош областына иш сапарынын алкагында “Ош-Баткен-Исфана” жолундагы Ноокат ашуусун көрүп чыкты.

Өлкөнүн транспорт жана коммуникация министри К.Султанов жолдун курулуш долбоору менен тааныштырды. Анын маалыматы боюнча, бул жол 360 километрди түзөт, бирок, анын 157 километрине гана 151 млн. доллар каражат табылган.

Жакында Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр аяктаган соң, жол куруучулар Ноокат ашуусунда 18 км. жолду оңдоп түздөөгө киришет. Бул максатка Дүйнөлүк банк 16 млн. доллар бөлгөн, анын 7,2 млн. доллары грант түрүндө, калганы жеңилдетилген насыя катары берилет.

Жолду көрүп чыккан соң  Ж.Сатыбалдыев кечиктирбей  курулуш иштерине киришүүнү тапшырды.

Андан соң премьер-министр Ноокат районундагы Кеңеш айылындагы курулушу бүтпөй турган мектепке барды.

Белгилей кетсек, бул мектеп 1990-жылы курула баштаган. 740 орунга ылайыкташтырылган ал обьект 22 жыл ичинде каражаттын жоктугунан курулушу токтоп калган. Долбоордо мектептин курулушуна 54 млн. сом керектелет делсе, азыркы күнгө чейин 28 млн. сому гана берилген. Ж.Сатыбалдыев КР финансы министрлигине ушул мектептин курулушуна каражат таап, кийинки жылдын бюджетине киргизишин тапшырып, жаңы окуу жылына карата ачыларын убада кылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү