05
Октябрь
Бүгүн, 5-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарына иш сапарынын алкагында шаардык ТЭЦине барды.
Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаардык ТЭЦинде кыш мезгилинде жылуулук берүүгө даярдык кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышты.
Өкмөт башчынын суроолоруна жооп берүү менен Ош шаардык ТЭЦинин директору Анарбек Аттокуров мекемеде оңдоп-түзөө иштери аяктап, 3 казан тең жылуулук берүүгө даяр экендигин билдирди. Ушул жылдын 8-октябрь күнү ТЭЦтин жабдуулары тесттик режимде иштетилет, андан кийин жылытуу мезгилине даярдык толугу менен бүтөт деп билдирди.
Учурда мекемеде 18миң 300 тонна мазут бар. Жакынкы күндөрдө мекеменин кампаларына 1 миң 300 тонна мазут келип түшөрү күтүлүүдө. Ошону менен бардыгы болуп 20миң тонна мазуттун запасы топтолуп, ал шаардык ТЭЦтин жылуулук берүү сезону бүткөнчө иштөөсүн камсыз кылат. Мындан тышкары, Өзбекстан тарап газды үзгүлтүксүз берип туруу жөнүндө келишим бар. Ош шаардык ТЭЦ мазут жана газ менен иштейт.
Өкмөт башчы Ош шаардык ТЭЦинде кышка даярдыктын жүрүшү талапка жооп бере тургандыгын белгиледи.
Андан кийин Премьер-министр, Ош жана Жала-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулуп жаткан 16 кабаттуу үйдү көрдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү