22

Сентябрь

2012

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин районунда жайгашкан “Талды-Булак-Левобережный” алтын кенине болду. “Алтын Кен” Жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Чынь Жиянь Ху Өкмөт башчыга “Талды-Булак-Левобережный” алтын кениндеги «Чын-Булак» участкасынын баш планын көрсөтүп, айтып берди. Анын маалыматына ылайык алтын 2014-жылдын биринчи жарымына чейин өндүрүлө баштайт. Бул иштин аткарылышы 1 миңден ашык жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Алтын өндүрүүчү компаниянын 60 пайыз акциясы кытайлыктарга таандык, ал эми калган 40 пайызы “Кыргызалтын” Ачык Акционердик Коомуна тийиштүү. Божомолдор боюнча “Талды-Булак-Левобережный” алтын кенинде 78 тонна алтын бар. Алтын менен кошо күмүш жана күкүрт металлдары казып алынат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кытай тарапка күз-кыш дебей тынымсыз иштөөнү сунуштады. “Алтын кени деңиз деңгээлинен анча бийик эмес жерде жайгашкан. Климаттык шарттары кышында дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Премьер-министр, кытайлыктарга  жумуш иштеринин темпин жогорулатуу сунушталганын кошумчалап. Ж.Сатыбалдиев алтын кени менен таанышкан соң,  жолдо топтолушуп турган Кемин районунун жаштары менен жолугушту. Алар жергиликтүү элди алтын кенине жумушка алуу маселесин көтөрдү. Премьер-министр “Алтын Кен” ЖЧКсынын жетекчилигине жергиликтүү элди тийиштүү тоо кен өндүрүшүндө иштөөчүлүк боюнча окутуп, жумушка алууну талап кылып койгондугун маалымдады. Ошондой компаниянын алдына Кемин районунда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо, экологияны баардык нормаларга тийиштүү сактоо талаптары коюлгандыгы белгилүү болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмү