08

Ноябрь

2012

Бүгүн, 8-ноябрда, Ош областында жумушчу иш сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чоң-Алай районундагы Караутек аянтында алтын, жез, коргошун жана цинк кендерин иштетип жаткан “Кайди” ЖЧКасынын ишмердиги менен таанышты. Ишкананын башкы мүдүрүнүн орун басары Ван Кун Ван Өкмөт башчысына компания үч жылдан бери иштеп жатышканын маалымдады. Эки участкадагы алтындын запасы 700 кг ашык. Анын айтуусу боюнча биринчи иштетүүдөн өткөн алтын камтыган кен аффинаждоо үчүн КЭРге алынып кетилет. Карьерден анча алыс эмес 2 айылга компания 80 млн. сом коротуп, жолун оңдоп берген. Мындан тышкары үч жылдын ичинде 29 млн. сом салык төлөнгөн жана ишканада Чоң-Алай районунун 70 тургуну эмгектенишет. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаев аталган компания алтын жана башка сейрек кездешүүчү металлдарды казууда айрым экологиялык, технологиялык жана санитардык эрежелерди бузуу менен ишмердүүлүк кылышаары тууралуу Премьер – министрге маалымдады. Жантөрө Сатыбалдиев ишкананын жетекчилигине тейлөөчү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта, аталган бузууларды эки аптанын ичинде четтетүүнү тапшырды. Өкмөт башчысы “Кайди” ЖЧКасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын катуу сактоого жана жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштөөгө чакырды. Мындан тышкары Премьер-министр компаниянын жетекчилигине өндүрүү иштерин аяктагандан кийин республиканын мыйзамдарына ылайык рекультивация иштерин жасоону тапшырды. “Келерки жылдан баштап Өкмөт өлкөдөн сырткары алынып чыгарылган алтын камтыган кендерге салык салууну пландап жатабыз жана региондор тоо кен казып алуу тармагынан көрүнүктүү пайда алышы керек”, - деди Премьер-министр. Андан соң Премьер-министр Дароот-Коргон айылындагы Чоң-Алай райондук ооруканасына барды. Оорукананын башкы дарыгери Исламидин Бакиров оорукана авариялык абалда деп таанылганын жана жаңы оорукана курулушу зарыл экендиги тууралы белгиледи. Мамлекеттик курулуш агентигинин башчысы Каныбек Нарбаев Премьер-министрге жаңы ооркукананын курулушу быйлкы жылдын бюджетине киргизилгени тууралуу маалымдады. Анын айтуусу боюнча долбоордун сметалык баасы 58 млн. сом. Жакын арада оорукананы курууга тендер өткөрүлүп, жылдын аягына чейин 6 млн. сом өздөштүрүлмөкчү. Учурда Премьер-министр Чоң-Алай районунун жашоочулары жана активи менен жолугушуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү