05
Октябрь
Бүгүн, 5-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош областына иш сапарынын алкагында Ош шаардык активинин салтанаттуу чогулушуна катышты.
Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара Султан Ибраимов атындагы Улуттук драмалык театрында өттү. Залга кирүүдөн мурда Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан элинин Ассамблеясына кирген 40тан ашык улуттук-маданий борборлордун мүчөлөрү тарабынан жасалган улуттук тамактар, кол өнөрчүлүк товарлардын экспозицияларын көрүп чыкты.
Ош шаарынын жашоочуларынын алдында сөз сүйлөп, Өкмөт башчысы түштүк борборунун динамикалуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Сөзүнүн акырында Премьер-министр Ош шаарынын жашоочуларын Шаар күнү менен кызуу куттуктап, кыргызстандыктарды ынтымакка, улуттар арасындагы тынчтыкты сактоого, Ата Мекенибиз Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн биримдикте эмгектенүүгө үндөдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү