28
Сентябрь
Бүгүн, 28-сентябрь күнү Ялта шаарында (Украина) КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өз ишин баштады. Бул иш чарага Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башында турган кыргыз делегациясы катышууда.
Учурда КМШ Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү отуруму өтүүдө, андан кийин жолугушуу кеңейтилген форматта улантылмакчы.
КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумун төрагалык кылуучу өлкөнүн өкүлү Түркменистандын Өкмөт башчысынын орун басары Аннамухаммет Гочиев ачып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары Жантөрө Сатыбалдиевдин бүгүнкү отурумга биринчи жолу катышып олтургандыгын маалымдады.
КМШ Өкмөт башчылары, биздин өлкөнүн Премьер-министрин кызматка киришүүсү менен куттукташып, жогорку мамлекеттик постто албан ийгиликтерди каалашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү