26

Сентябрь

2012

25-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, республика менен ЕРӨБ ортосундагы  кызматташууну тереңдетүү, суу энергетика, тоо-кен өндүрүү тармагындагы, агрардык секторду  өнүктүрүү боюнча долбоорлор, ошондой эле өлкөдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өкмөт Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган реформаларды ырааттуулук менен ишке ашыра бере тургандыгын  белгиледи. Директорлор  Кеңешинин мүчөсү Джонатан Окендин белгилегендей, ЕРӨБ мындан ары да Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү уланта бермекчи.  Анын айтымында, банк Кыргызстандын энергетика, агрардык тармактарына жана финансы рыногуна инвестициялык колдоо көрсөтүүгө даяр.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү