11
Октябрь
2012
Бүгүн, 11-октябрь күнү, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек жана Кыргызстан епископу Владыка Феодосиясийди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар конфессииялар жана улуттар аралык байланышты бекемдөө, ошондой эле ислам жана православ диндеринин өлкөдөгү тынчтыкты, достукту жана ынтымакты орнотуудагы ролдору тууралуу маселелерди талкуулашты.
Тараптар 140-жылдан берки православ дининин Кыргыстандагы өнүгүү тарыхында ислам менен православ христиандыгын туткандар ар дайым биримдикте, өз ара түшүнүүчүлүктө жана коңшулаш жашап келишкендигин белгилешти.
Владыка Феодосий Бишкекте болуп өткөн “Ислам жана православ – дүйнө диндери” деген конференциянын жыйынтыктары тууралуу Өкмөт башчыны маалымдады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү