10
Декабрь
Бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ага Хан өнүктүрүү Тармагынын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Нуржахан Мавани айымды кабыл алды.
Тараптар кызматташууну өнүктүрүүнүн маселелерин, Ага Хан өнүктүрүү Тармагынын 2013-жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча пландарын талкуулашты. Өкмөт
башчысы фермерлерди колдоо боюнча жаңы жылда пландаштырып жаткан долбоорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.
Ошондой эле Ж. Сатыбалдиев жана Нуржахан Мавани Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетин курулушунун жүрүшүн талкуулашты. Премьер-министр аталган долбоордун тез бүтүшүнө Өкмөт кызыкдар экендигин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү