15

Сентябрь

2012

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жогорку соттун жаңы судьяларынын курамы менен болгон жолугушуусуна катышты.

Жаңы сотторго кайрылып, Өкмөт башчы, республикадагы демократияны чыңдоо алардын колунда экенин айтты.
“Өкмөт соттордун жаңы курамын колдоого даяр”, - деди Ж.Сатыбалдиев.

Премьер-министр жаңы соттор элге таза дили менен акыйкат жана  абийирдүү кызмат өтөөрүнө ишенимин арттырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
 Маалыматтык саясат бөлүмү