29
Сентябрь
28-сентябрь күнү Ялта шаарында Евразиялык экономикалык коомчулуктун мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Күн тартипке ылайык көптөгөн бөлөк маселелердин арасында ЕврАзЭС Комитетин оптималдаштыруу маселеси каралды. Бул комитет ЕврАзЭСке мүчө болгон беш мамлекеттин, ошондой эле мамлекеттер аралык максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча көзөмөл кылуу статусундагы Армения, Молдова, Украинанын өз-ара мамилелерин камсыздайт. Анын ичинде: - Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө мамлекттеринин бажы транзитин көзөмөлдөөнүн бирдей автоматтык маалымат системасын түзүү;
- Уранды иштеп чыгаруу өндүрүшү таасир эткен ЕврАзЭСтин мүчө мамлекеттеринин территориясын рекультивациялоо, (Миң – Куш, Каджы – Сай).Ошондой эле Өкмөт башчылары ЕврАзЭстин 2013-жылга оптималдаштырылган бюджетин бекитишти. Андан тышкары, күн тартибинин чегинде Евразия экономикалык коомчулуктун мүчө мамлекеттеринин баалуу кагаздар рыногун мындан ары интеграциялоо, өнүктүрүү, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттеринин жарандарына жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү, уюмдун зонасына кирген аймактарда дары-дармектерди, медициналык жабдууларды колдонуу маселелери каралды. Отурумдун жыйынтыгында каралган маселелер боюнча макулдашууларга кол кою церемониясы болуп өттү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү