28

Сентябрь

2012

Бүгүн, 28-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев Ялта шаарында өтүп жаткан  КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумуна катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө жыйырмадан ашык документтер каралып, кабыл алынды. Алардын ичинде – маалыматтык коомдук куруу жана аны өнүктүрүү боюнча кызматташуунун Стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча 2015-жылга чейинки мезгилдеги иш Планы, КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы 2020-жылга чейинки мезгилде инновациялык кызматташуунун Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу боюнча 2012-2014-жылдарда аткарылуучу иш-чаралардын комплекси.

КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчылары Өзбекстандын 2011-жылдын, 18-октябрында кабыл алынган Эркин экономикалык соода келишимине катышуу жөнүндөгү чечимин колдошту жана бул документке ушул жылдын аягына чеийн кол коюу үчүн мамлекеттер ичинде макулдашууларды өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Отурумдун жыйынтыгында Шериктештиктин мейкиндигинде маданий-гуманитардык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтердин тобу жактырылды.

КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отуруму 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында өткөрүлмөкчү. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү