15
Октябрь
2012
Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебек менен жолугушту.
Ж.Сатыбалдиев Кыргызстанда жашаган көп улуттуу эл жана коомдогу көп түрдүү маданияттар өлкөнүн эң башкы байлыгы экендигин белгиледи.
“Өкмөт өзүнүн ишмердүүлүгүндө улуттар аралык ынтымакты, достукту жана тынчтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурууда”, - деди Премьер-министр.
К.Воллебек ЕККУ Кыргыз Өкмөтүнүн өлкөдөгү этникалык саясатты өнүктүрүүгө болгон иш аракеттерин колдоорун билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү