15
Декабрь
Бүгүн,14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Сүлүктү шаарынын чет жакаларындагы көмүр шахталарына барды.
Шахталарды көрүп чыккандан кийин Премьер-министр көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Сүлүктү шаарынын мэри Шадыбек Бакибеков ушул жылдын 10 айында 148 млн. 800 миң сомдук көмүр казылып алынганын айтты. Сүлүктү шаарынын тегерегиндеги шахталарда 10 компания көмүр казышат, дагы 6 компания чалгындоо иштерин жүргүзүшүп жакында ишке киришет. Аталган компаниялар күнүнө 400-500 тонна көмүр казышат. Жыл ичинде 170-175 миң тонна казылып, анын 40 пайызы Тажикстанга экспорттолот.
“Сүлүктүкөмүр” АК башчысы Эргешбай Мадаминов компанияда 364 адам эмгектенерин билдирип, карыздарын төлөөнү узартып берүүнү Премьер-министрден суранды. Мисалы,Социалдык фонддун алдындагы карызы 22 млн. сом, салыктар боюнча 35 млн. сомду түзөт.
Өкмөт башчысы “Сүлүктүкөмүр” башкаруунун эффективдүүлүгүн жакшыртмайын карыздарын төлөө мөөнөтүн узартпасын айтты.
Ошондой эле жолугушуу учурунда көпчүлүк жаңы көмүр кендерин иштетүү боюнча лицензия берүү маселелерин көтөрүштү. Мамлекеттик геология агенттигинин башчысы И.Чунуев бардык заявкалар каралаарын билдирди.
Премьер-министр шахтерлордун былтыркы жылга салыштырмалуу жетишкен ийгиликтери жана бийик көрсөткүчтөрү үчүн ыразычылык билдирди.
Мындан тышкары Премьер-министр шаардын мэрине жолдорун ондоо боюнча тапшырма берди. 20 миң адам жашаган шаардын бюджети 39 млн. сом, ал эми республикалык бюджет менен бирге 89 млн. сомду түзөт. Анын 46 млн. сому мугалимдер менен врачтарга айлык акы катары сарпталат. Ж.Сатыбалдиев жыл сайын шаардын бюджетинен 10 пайызды автожолдорду оңдоого керектөөнү шаардын мэрине тапшырды. Шаар өзүн-өзү камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи Премьер-министр. “Ал үчүн башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу зарыл”,- деди Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү