27
Сентябрь
Бүгүн, 27 сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев донордук коомчулуктун катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда өлкөнүн энергетика секторун реформалоо боюнча иштердин Планы талкууланды.
Өкмөт башчысы энергетика секторун реформалоо ырааттуу мүнөздө болушу керек экендигин баса белгиледи. Ошондой эле боло турган реформалар мурдагы кетирилген катачылыктарды эске алуу менен терең ойлонуштуруп жүргүзүлүшү керек экендиги да айтылды. «Реформалардын натыйжасында биз энергетика тармагын башкаруунун натыйжалуулугун арттырып, жоготууларды кыскартышыбыз керек, коррупциялык механизмдерди жоюуга, процесстердин жана отчеттуулуктун ачык-айкындуулугуна жетишүүбүз зарыл”,- деди Премьер-министр. Ошол эле мезгилде энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу талап кылынат.
Ж.Сатыбалдиев энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калмамбетовдун маалыматын, энергетика тармагын реформалоо боюнча эксперттик топтун корутундусун укту.
Өкмөт башчысы энергетика жана өнөр-жай министрлигине энергетика тармагын мындан ары реформалоо боюнча иштеринин Планын жактыруу жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоону тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү