13
Сентябрь
Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен айыл чарба тармагында түшүмдү жыйноо жана күздүк эгүү боюнча жыйын өткөрдү.
Аталган маселе боюнча айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымат берди.
Анын айтымына караганда 7-сентябрга болгон маалыматка ылайык республикада 399,3 миң аянттан дан эгиндери жыйналып алынган. Бул көрсөткүч эгилген дандардын аянтынын 84,2 пайызын түзөт. Ошондой эле министр башка жыйналып жаткан айыл чарба өсүмдүктөрү тууралуу да айтып берди.
Ч.Узакбаевдин сөзү боюнча түштүк облустарында жана Чүй облусунда, тоолуу райондордон башка жерлерде жыйын-терин аягына чыккан. Ал эми Таласта болсо жыйын сентябрдын аягына чейин уланса, Ысык-Көл жана Нарын облустарында октябрдын ортосуна чейин болот.
Министрдин белгилегендей көздүк бул жылы 290 миң гектарга эгүү пландалууда. Анын ичинен 278,3 миң гектарга буудай, 10 миң гектарга арпа, жана 1,7 миң. гектарга тритикале эгилмекчи.
«Күздүк үчүн 61,7 миң тонна үрөн керек. Анын 59,4 миң тоннасы буудай, 2 миң тонна арпа жана 0,34 миң тонна тритикале. Учурда аталган үрөндүн 45,6 миң тоннасы же и 73,9 пайызы бар. Ал эми калгандары болсо бюджеттин жана донорлордун каражаттарына сатылып алынмакчы», — деп маалымдады Ч.Узакбаев.
Докладчыны угуп бүткөн соң Премьер-министр айыл чарба жана мелиорация министрлигине дыйкандарга керектүү болгон баардык жарамдарды берүүнү тапшырды.
“Биз дыйкандарды күздүк эгүүгө кызыктыруу үчүн колубуздан келген шарттарды түзүп беришибиз”, - керек деп айтты Ж.Сатыбалдиев.
Мындан сырткары министрге Өкмөт башчы ар бир райондордо айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу максатында техникалык тейлөө борборлорун ачууну жана каналдарды тазалоону тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү