17

Ноябрь

2012

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Талас областына болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Бакай-Ата районунун  Түйтө айылындагы “Нур” айыл чарба кооперативинин иши менен таанышуудан баштады. Аталган кооперативдин балансында260 гаашык жери бар. Кооперативдин жетекчилиги 2010-жылы күнүнө 45 тонна иштетүүчү тегирмендин курулушу үчүн 24 млн. сомдук инвестиция тартышкан. Өкмөт башчысы кооперативдин дыйкан чарбасы жана ящик чыгаруучу цехи менен таанышты. Кооперативдин жетекчиси Н. Сырдыбаев тегирменди иштетүү үчүн 45 тонналык сырье жумшалгандыгына байланыштуу  проблемалар бар экендигине токтолду. Ушуга байланыштуу мамлекеттик материалдык резервдер Фондусунан жетпеген сырьену бөлүп берүү сунушу менен  Премьер-министрге кайрылды. Премьер-министр бул сунуш Өкмөт тарабынан каралаарын белгиледи. Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандардын суроолоруна жооп берип  жатып, 2013-жылы айыл чарба техникаларын  алууга 1 млрд. сом бөлүнөөрүн, алар  дыйкандарга жеңилдетилген шартта лизингге берилээрин билдирди. Банкрот болгон “Таласалко” АКысынын имараты  менен таанышуу учурунда Өкмөттүн  Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева областтын батыш тарабында бир да бала бакча жок экендигине токтолду. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган имаратты балдар бакчасына ылайыкташтырып куруу пландаштырылууда. Имараттын ээси Дөөлөт Күрүчов 70 сотка жери менен 3 млн. сомго бааланып сатууга коюлганын айтты. Премьер-министр Өкмөт “Таласалконун”    имаратын, жер -мүлкү менен  сатып алаарын билдирди. Өз кезегинде оңдоо иштеринин чыгымдарын жана эмерек жана башка керектүү буюмдар менен камсыздоону жергиликтүү бийлик өз мойнуна алат. Мындан тышкары Премьер-министр Талас областык бириккен ооруканасында болду жана каражат каралып табылса медициналык эхожабдуу алынып берилээрин белгиледи. Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев Талас шаарынын көчөлөрүнүн  калыбына келтирүү иштери менен таанышып чыгып, бул максатка каражат этап-этабы менен бөлүнөөрүн айтты.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү