19

Январь

2013

Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушту.

Жолугушуунун башталышында Премьер-министр  райондордун акимдеринин жана Токмок шаарынын мэринин өздөрү башкарган аймактардагы  социалдык-экономикалык абалы тууралуу докладдарын укту.

“Сиздер сөзүңүздөрдө бийик өсүштөрдү, көрсөткүчтөрдү айтасыздар,   бирок эмне үчүн  элдин силерге болгон ишеними төмөн,  докладдардан  кийин райондор чамдалган темпте өнүгүп,  социалдык жана айыл чарба секторунда маселелердин бардыгы чечилгендей ишеним жаратат.”,- деп Ж. Сатыбалдиев акимдерди, Токмок шарынын  мэрин курулай упай топообоого чакырды.

“Чүй облусунда  өлкөнүн башка облустарына караганда алардан айырмаланып өнүгүүнүн зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Тилеке каршы облуста көпчүлүк айыл аймактары дотация алышат. Облуста 2-3 эле аким жакшы иштешет. Акимдер жана айыл аймактарынын башчылары иштерин жогорулатышы жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу сарпташы зарыл”,-деп белгиледи Премьер-министр.

Ж.Сатыбалдиев облустун активинде Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийликтер элди моблизациялоого чакырды. “Бул ишти эртеңки күндөн кечикпестен баштоо керек. Суу жээктери желип, айдоо аянттары керектен чыгып жатат деп арызданасыздар, ошол эле убакта өзүңүздөр эч нерсе кылбастан жөн эле отурасыздар”,-деди Өкмөт башчысы.

Ушуга байланыштуу Ж.Сатыбалдиев жээктерди бекитүү боюнча иштерди  жергиликтүү калк менен биргеликте кечиктирилбестен баштоону Өзгөчө кырдааладр министирлигине тапшырды. “Жакын арада эле күн жылып жаз келет. Ошондо бардыгыңыздар суу каптап кетти дейсиңер. Каналдарды айтпай эле коёлу, өзүңүздөрдүн арыктарыңыздарды тазалабай жатсаңыздар анан суу каптабай коёбу. Мунун барын жасоо сиздердин колуңуздарда”,-деп айтты Премьер-министр.

Калктын социалдык жардамга муктаж катмарлары тууралуу сөз болгондо Премьер-министр жергиликтүү бийлик алардын кирешесин көбөйтүү, жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча конкретүү долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуусу зарыл деп белгиледи.

Премьер-министр Өкмөттүн агрардык саясаты тууралуу сөз козгогондо ушул жылдын февраль айынан баштап  фермерлерге жалпы суммасы 4 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилерине токтолду.

Жергиликтү бийлик органдарынын кызматкерлеринин айлыктарын көбөйтүү маселеси боюнча Ж.Сатыбалдиев 2013-жылдын 1-июлунан баштап кызматкерлерге айлык акы жогорулатуу пландаштырып жатканын маалымдады.

Өкмөт башчысы облус боюнча иш сапарын жыйынтыктап жатып муңайзатты кайра иштетүүчү “Джунда” заводу август айында толугу менен ишке кирерин, Кайыңдыдагы кабель заводу бир айдын ичинде кабель чыгара баштарын белгиледи. Панфилов районундагы жалпы дарылоочу практикалык Борборго бир тез жардам авто унаасын берилегнин, ошондой эле имаратты оңдоо иштерине 2,5 млн сом бөлүп бергенин маалымдады. Мындан тышкары жыл ичинде медиктер суранган медициналык аспаптар, жабдуулар  менен камсыз болорун айтты.

Ошондой эле Премьер-министр иш сапарынын алкагында Беловодское айылындагы “Ак-Сүт” ААКсында, Сокулуктагы канаттулар фабрикасында жана Арал айылындагы теплица комплексинде болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлөмү