26
Сентябрь
2012
Бүгүн, 26 сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Андрей Крутько мырзаны кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы кол коюлган келишимдерди иш жүзүнө ашыруу маселелери талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү