03

Октябрь

2012

Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы USAID жана Экономикалык өнүгүү Фонду аркылуу көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн АКШ жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Аңгемелешүүнүн жүрүшүн  Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн артыкчылыктары, тактап айтканда, кышкы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу, мурда башталган реформаларды аягына чыгаруу жөнүндө айтып берди. Өз кезегинде П.Спратлен айым демократиялык жакшы өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө АКШ мындан ары да Кыргызстанга көмөк көрсөтө берээрин айтты. Ал Кыргыз Өкмөтүнүн өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга көңүл буруп жатканын кубаттады. Ошондой эле Премьер-министр менен Элчинин ортосундагы маектешүү учурунда республиканын энергетика тармагын башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, коммуникацияларды өнүктүрүү, сот реформасы жана адам укуктарын коргоо маселелери да талкууланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү