09

Сентябрь

2012

Бүгүн, 9-сентябрда, мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанга 9-сентябрдан 12-сентябрга чейин иш сапары менен келген Малайзиянын экс-премьер-министри доктор Махатхир бин Мохамад менен жолукту. Кыргыз Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев Махатхир бин Мохамад мырзанын Малайзиянын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын Кыргызстанда жогору баалай тургандыгын белгиледи. КР Премьер-министри кыскача республикада жаңы Өкмөт түзүлүп, анын алдында бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү маселелери тураарын айтты. “Сиздин өлкөнү башкаруудагы бай тажрыйбаңызды эске алуу менен, баалуу кеңештерди жана консультацияларды кабыл алууга кыргыз Өкмөтү кызыкдар. Малайзия агардык өлкөдөн дүйнөдөгү эң алдыңкы индустриялык өлкөгө айланды”, - деп айтты Ж.Сатыбалдиев. Кыргыз Өкмөт башчысы Малайзиянын экс-премьер-министринин Кыргызстанга болгон иш сапары эки өлкөнүн алакаларын жаңы деңгээлге чыгараарына ишеним арттыраарын билдирди. Доктор Махатхир бин Мохамад Малайзия Кыргызстан менен болгон катнаштарын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. «Малайзиянын инвестиция тартуу жана жумушчу орундарын түзүү боюнча бай тажрыйбасы бар. Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз”, - деди ал. Ошондой эле кыргыз тарапка Малайзиянын экономика жана мамлекеттик башкарууга тийиштүү болгон мыйзамдары менен таанышып чыгуу сунушталды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  Маалыматтык саясат бөлүмү