11

Октябрь

2012

Бүгүн, 11-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановскийди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, эмгек миграциясына байланыштуу маселелерди талкуулашты. Россия Федерациясынын аймагында кыргызстандыктар үчүн легалдуу урeксат документтерин алууну тездетүү тууралуу маселеге негизги басым жасалды. Орусияга иш издеп кетип жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн адистик квалификацияны жогорулатууга шарт түзүү маселеси талкуунун дагы бир темасы ,болду. Белгилей кетсек, учурда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Миграциялык органдардын жетекчилери Кеңешинин 12-отуруму, ЕврАзЭСтин алдындагы интеграциялык комитетинин Миграциялык саясаттынын Кеңешинин 11-отуруму өтүүдө.

КР Өкмөт Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү