28

Ноябрь

2012

Бүгүн, 28-ноябрда,  Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө  Сатыбалдиев Бишкекте өтүп жаткан “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын регионалдык кызматташуусунун кеңейиши - экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” аттуу II кыргыз-россиялык конференциясынын алкагында катышып жаткан россиялыктардын делегация башчысы, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын  чет-мамлекеттер менен регионалдык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Владимир Черновду кабыл алды. Жолугушуу учурунда региондор аралык, маданий-гуманитардык кызматашуунун алдында турган маселелери талкууланды. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Россиянын федералдык органдары болгон Роскызматташуу (Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин,  чет элде жашап жаткан мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча Федералдык агенттиги), Ростуризм (туризм боюнча федералдык агентство) менен кызматташууну  активдештирүүнүн зарылчылыгын белгиледи. Ж.Сатыбалдиев  жана  В.Чернов  эки мамлекеттин региондорунун кызматташуусунун потенциалы зор экендигин белгилешти жана тараптар региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүү ниеттерин ырасташты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү