14
Декабрь
Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Катран жана Лейлек айыл аймактарынын тургундары жана “Апрельское” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан инвесторлор менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар геологиялык чалгындоочулар менен болгон жаңжалдын себептерине токтолушту.
Алардын айтуусу боюнча, эгерде тиешелүү мамлекеттик органдар өз убагында жергиликтүү калкка туура маалымат беришсе, нааразычылык болмок эмес дешти. “Кандай геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканын, геологдор кандай зыяндуу заттарды колдонушаарын жана алардын айлана чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө туура маалымат болбогондуктан биз нааразы болуп көчөгө чыктык”,- деп айтты Лейлек районунун Коргон айылынын аксакалы Орозбай Карыбав.
Ал жергиликтүү калктын объективдүү маалыматка муктаждыгын айтып,-“Бизге жакында эле так маалымат беришти, эми бизге түшүнүктүү болуп калды”,- деп сөзүн улантты.
Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлү Арстанбек Сатаров буга чейин түшүндүрүү иштери болбогонуна токтолуп, мындан ары бул мүчүлүштү четтетишерин жана жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштешери тууралуу билдирди.
Жолугушуу учурунда Мамлекеттик техинспекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаевдин жана Мамгеологиянын директору Ишенбай Чунуевдин маалыматтары угулду. Алардын айтуусу боюнча аталган кенде алтындын запасы 3,5 тоннанын көлөмүндө. Дагы кошумча алтындын 10-15 тоннасы болжолдонууда.
Премьер-министр Лейлек районунун акимин, Катран айыл өкмөтүнүн башчысын жана инвесторду жергиликтүү элдин арасында жетишээрлик түшүндүрүү иштерди жүргүзбөгөндөрү үчүн сынга алды. Ж.Сатыбалдиев жергиликтүү бийлик өзүнүн түз милдеттерин аткарбаганы үчүн жооп берээрин белгиледи.
Сүйлөшүү учурунда Премьер-министр эл арасында түшүндүрүү ишинин зарылчылыгына токтолду. “Бул кенди иштетүүбүз керек. Анан жумушчу орундар түзүлүп, жергиликтүү бюджетке бир топ каражат түшүп, ал ушул жерде жашаган элдин социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө жумшалат. Ишканада иштегендердин 95 пайызы жергиликтүү тургундардар болоорун да унутпашыбыз керек. Ишкананы ишке киргизүү өтө маанилүү, анткени Лейлек району Бишкектен эң алыс район жана жергиликтүү тургундар дыйканчылык менен гана алектенет. Ошондуктан райондун экономикасын көтөрүп, өнөр жайды өнүктүрүү зарыл”,- деди Премьер-минситр.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчысы жерди бузганы жана карагайларды кырккандыгы үчүн 1 млн. 604 миң сом айыпты инвесторлор тарабынан төлөөнүшүн чечүүнү О.Артыкбаевге тапшырды. Мындан тышкары инвестор Катран айылына мончо куруп берүү мүмкүнчүлүгүн карайт жана аталган айылда “Таза суу” долбоорун 50 пайызын каржылайт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү