04
Декабрь
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдыда боло турган отурумунун алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи-вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуунун Өкмөттөр аралык комиссиянын эки тараптуу ишин активдештирүүнүн маселелери талкууланды. Тараптар соода тармагында, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдө, жогорку билим берүү жана спорт тармагында байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
КР Премьер-министри Ош шаарындагы спорт комплексти курууда Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн 1 млн. АКШ долл. гуманитардык жардамга ыраазычылыгын билдирди.
Ж. Сатыбалдиев Иран тарабына айрым инвестициялык сунуштарды тартуулоо менен бирге -“Дипломатиялык байланыштар түптөлгөндөн бери Кыргыз-Иран мамилелери өз ара түшүнүү жана ак санатайлыктын негизинде өнүгүп келүүдө”- деди.
“Иран Кыргызстан менен болгон достук мамилелерди жогору баалайт жана товар алмаштырууну көбөйтүүгө даяр. Биз Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө инвестиция салууга кызыкдарбыз. Иран Шанхай кызматташуусу Уюмунун ишине активдүү катышууга даяр”, - деп белгиледи Вице-президент өз сөзүндө.
Маалымат иретинде:
Иран Ислам Республикасынын Биринчи-вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими башында болгон Ирандык делегация Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдыда боло турган отурумуна байкоочу катары катышууга келген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү