15

Октябрь

2012

Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэнди кабыл алды.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жаатындагы маселелерди талкуулашты. Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл айыл чарба жана транспорт тармактарындагы байланыштарды активдештирүүгө бурулду.

Ошондой эле Премьер-министр жана элчи гидроэнергетика, тоо-кен секторлорундагы инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

 Маалыматтык саясат бөлүмү