05
Декабрь
2012
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын боло турган отурумунун алкагында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акилов менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек-ара кызматташууну мындан өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулашты. Өкмөт Башчылары эки тараптуу мамилелердин маанилүү маселелерин талкулоо үчүн Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу керектигин баса белгилешти.
Премьер-министрлер регионалдык маанидеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү