28

Сентябрь

2012

27-сентябрь күнү, Ялта шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Украинанын Премьер-министри Николай Азаров менен  жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тараптар жакын арада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-украина өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүнү макулдашышты. Өз сөзүндө Н. Азаров мындан ары дагы эки өлкө ортосунда маданий кызматташууну бекемдеп, маданий күндөрдү өткөрүүгө негиздүү зарылчылык бардыгын белгилеп, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалыры менен жакындан тааныш экендигин айтты. Ж. Сатыбалдиев Кыргызстандын борборунда Украина тарыхы менен байланыштуу көчөлөр бар экендигин айтты. Аларга – Киевская, Донецкая, Шевченко көчөлөрү кирет. Украинанын борборунун бир көчөсүнө улуу гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын ыйгарууну сунуштады. Бүгүн отурумдун расмий бөлүмү аяктаган соң Өкмөт башчы Бишкекке кайтып келмекчи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү