02

Октябрь

2012

 Ысык-Көл областында иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Жыргалаң шахтасын көрүп, жергиликтүү калк жана “Жыргылаң Шахтасы” ААК, “Жыргалаң-Доргокөмүр” ЖЧК, “Сары-Жаз Минерал Майнинг Компани” ЖЧК, “Централ Эйжа Тин Компаний” ЖЧК, “Дреза” ЖЧК, “Минерал Трейд” ЖЧКнын жетекчилери менен жолугушту. Жыргалаң поселогунун тургундары жыл сайын чечилбей келе жаткан бир катар көйгөйлөрүн айтышты. Совет доорунда эле Жыргалаңга шаар тибиндеги поселок статусу берилгендиктен улам, жергиликтүү калктын жер үлүштөрүн алууга мүмкүнчүлүктөрү жок экендигин билдиришти. Мындан тышкары Жыргалаңдын аксакалдары билдиришкендей, поселок менен Каракол шаарынын ортосуна ПАЗ үлгүсүндөгү эки автобус гана каттайт, бирок алар көбүнчө иштебестен бузулуп турушат. Кыш убагында, бул жерге мүнөздүү болгондой, кар өтө калың түшкөндүгүнөн, Жыргалаң бир жарым айдай тышкы байланыштан кол үзөт, себеби атайын техниканын жоктугунан жол жабылып калат. Жыргалаңдын жашоочулары Премьер-министрден жол тазалоо үчүн эки жаңы грейдер бөлдүрүүнү, ошондой эле таза суу маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Андан соң Премьер-министр тоо-кен казуу ишканаларынын жетекчилери менен маектешти. Көмүр казуу ишканаларынын жетекчилери Өкмөт башчыга көмүр казуу иштерин калыбына келтирип, жаңы шахтыларды ачуу үчүн каржылоо жардамын берүүнү суранышты. Көмүр казуучулардын айтымында, кыйынчылыктарга карабастан көмүр казылууда. Кышында от жагылуучу учурунда Каракол ТЭЦине 10 миң тонна көмүр түшүрүшөрүн Премьер-министрге ишендиришти. Көмүр казуучулар бюджеттик мекемелерди дагы көмүр менен камсыз кыларын, алар акысын кечиктирип төлөгөндөрүн, кээде карызын бербей койгон учурлары болот. “Эгерде бюджеттик мекемелер убагында акысын төлөп беришсе, көмүр казуунун көлөмүн көбөйтөбүз, анда компаниянын өндүрүш каражаттарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү болот”,- деп айтышты алар. Премьер-министр мындан ары бюджеттик мекемелер көмүр акыларын өз убагында төлөп турушарына сөз берди. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт тоо-кен казуу тармагындагы мекемелерге жардам берээрин көздөгөнүн белгиледи. “ Бул тармактагы ар бир ишкана үчүн Өкмөт өзүнчө токтом кабыл ала тургандай иш алып баруудабыз”,- деди ал. Андан кийин Жантөрө Сатыбалдиев, “Сары-Жаз Минерал Майнинг Компани” ЖЧК, “Централ Эйжа Тин Компаний” ЖЧК, “Дреза” ЖЧК, “Минерал Трейд” ЖЧК компанияларынын инвестициялык долбоорлору менен таанышты. Бул инвестициялык программалар Ысык-Көл областындагы Сары-Жаз аймагындагы сейрек кездешүүчү металлдарды казууга багытталган. Премьер-министр бул инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга Өкмөт кызыкдар экендигин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү