11

Сентябрь

2012

Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хуэй Ляньюй менен жолугушту. КР Премьер-министри ушул жылдын 7 – сентябрында Түштүк-Батыш Кытайда болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө,  кытайдын элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Өкмөт башчы 2012-жылы эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнө 20 жыл, ал эми достук, коңшулаштык жана кызматташтык Келишимине 10-жыл толгондугун белгиледи. КР Премьер-министри эки өлкөнүн ортосундагы динамикалык жана ийгиликтүү алакаларга канааттангандыгын билдирүү менен мындан аркы мамилелер мындан да активдүү жолго түшөөрүнө ишеним арттырды. Ж.Сатыбалдиев кыргыз тарап үчүн эки тараптуу долбоорлордун иш жүзүнө ашырылышына абдан чоң маани берерин айтты. Алардын катарында: Ош-Сары-Таш-Иркештам»; «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолдорун калыбына келтирүү ; «Датка-Кемин» электр зымдарын тартуу, «Датка»жана «Кемин» подстанцияларын куру. “Кыргызстан тез аранын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча техникалык экономикалык негиздеменин бүтүүсүн жана курулуш иштеринин башталышына кызыкдар”, - деди Ж.Сатыбалдиев.