05
Декабрь
2012
Бүгүн, 5-декабрда , Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ) мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Афганистан Ислам Республикасынын Вице-президенти Мохаммад Карим Халили менен жолугушту.
Ж.Сатыбалдиев афган тарапка Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ) мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу болуп катышканы үчүн ыразычылыгын айтып, Афганистанда тынчтыктын орношун, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда сооданы жандандыруу жана өнүктүрүү каалоосун билдирди.
Афганистандын Вице-президенти Кыргызстан менен көп форматтуу кызматташууну түзүүгө, ошондой эле CASA-1000 долбоорунун алкагында иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдады.
Жолугушуу учурунда тараптар Афганистандын Чоң жана Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздардын турмуш шартын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү