01

Декабрь

2012

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Мамкатчысынын саясат маселелери боюнча орун басары Венди Шерманды кабыл алды.

 Премьер-министр эки тараптын мамилелери өсүп келгенин белгилеп, мындан ары да эки өлкөнүн кызматташуусу кеңейе берерине үмүттөнөөрүн айтты.

 КР Өкмөтүнүн Башчысы 2010-жылдагы июнь окуяларынан жабыркаган калк жайгашкан пункттарды калыбына келтирүүдө берген жардамы үчүн АКШнын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

 Мамкатчынын орун басары Венди Шерман бардык Борбордук-азиядай эле, Кыргызстан менен кызматташууга чоң көңүл бөлөөрүн айтты.

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өкмөттүн жакынкы аралыктагы экономикалык пландарын, ошондой эле Экономикалык Өнүгүү Фондунун колдоосу менен өлкөнүн айыл-чарба секторунда  ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

 Премьер-министр КР Өкмөтү ЮСАИД менен жигердүүрөөк иштөөнүн маанилүүлүгүнө акцент койду.

 КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү