
Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жанторо Сатыбалдиев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Атайын ѳкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тарап укук коргоо органдарын жана сот системасын реформалоо, коррупцияга болгон күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Өкмөт башчы өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңеште 12-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө аткаруу бийлигинин алдында турган негизги приоритеттүү багыттарын белгилегендигин маалымдады.
Ж.Сатыбалдиев аталган багыттарды иш жүзүнө ашырууда БУУнун колдоосуна ээ болоруна ишеним арттырды.
М.Енча өткөн жылы Кыргызстанда тынчтыкты куруу Фондунун алкагында 10 млн. АКШ долларынан ашык суммага долбоорлор иш жүзүнө ашкандыгын айтты.
“Учурда аталган фонддун негизинде Кыргызстанга берилген жардамдарды улантуу максатында иш алып баруудабыз. БУУ Кыргызстанда жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө кызыкдар”, -деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү