07

Ноябрь

2013

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди туулган күнү менен куттуктады.

Бүгүн Кыргыз ССР Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры, “Ак - Шумкар” орденинин кавалери Турдакун Усубалиев 94 жашта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев жана Турдакун Усубалиев өлкөнүн учурдагы саясий-экономикалык абалы туурасында сөз кылышты. Премьер-министр мамлекеттин социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн Өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер туурасында айтып берди.

Өз кезегинде Турдакун Усубалиев Кыргызстан ынтымак менен биримдикте,  экономикасы өнүккөн, эли жыргалчылыкта жашаган мамлекет болсун деген ниетин билдирип, Ак батасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү