30

Январь

2013

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кабыл алды. Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев Ош шаарынын мэринин ыйгарым укуктары бүткөндүгүнө байланыштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде 2013-жылдын 29-январынан тартып, мэрди шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Ош шаарынын милдетин аткаруу М.Мырзакматовго жүктөлгөнүн билдирди. Ошондой эле жолугушуу учурунда тараптар Ош шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жана быйылкы жылга карата пландарды талкуулашты. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык Саясат бөлүмү