02
Апрель
Бүгүн, 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Иран Ислам Республикасынын жаңы дайындалган Өзгөчө жана Ыйгарым толук укуктуу элчиси Али Наджафи Хошрудини кабыл алды
Премьер-министр дипломатты Ирандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктады жана бул кызматка келиши менен эки тараптын мамилелери мындан ары динамикалуу өнүгөөрүнө ишенээрин билдирди. “Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу өсүү тенденциясында. Бирок кызматташуунун потенциалы толугу менен иштетилбей келүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууда айыл-чарба жана кайра иштетүү, гидроэнергетика тармактары перспективалуу тармактар деп ойлойм”,- деди Ж. Сатыбалдиев.
Ошондой эле Премьер-министр Кыргыз - Иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Али Хошруди Премьер-министрге Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мохаммад Реза Рахиминин жылуу саламын айтты. “Бишкекте 2012-жылы декабрда өткөн Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө мамлекеттеринин ХI-жыйынынын алкагында болгон Сиз менен жолугушуусунда биздин өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри жылуу маанайда калыптыр. Сизди ыңгайлуу убакта Иранга келип кетүүнү чакыруу тууралуу вазийпа мага тапшырылды”, -деди дипломат.
Али Хошруди эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды жанан Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин тереңдетүүгө бүт аракетин жумшаарын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү