27

Март

2013

Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  БУУнун Генералдык секретарынын Атайын Өкүлү, Борбордук Азия үчүн алдын ала дипломатия  боюнча БУУнун Регионалдык Борборунун Башчысы Мирослав Енча менен жолугушту. 

Ж.Сатыбалдиев менен М.Енча этностор аралык ынтымакты бекемдөө, мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн  жогорулатуу , Өкмөттүн быйылкы жана жакын арадагы жылдарга болгон пландарын талкуулашты. Тараптар ошондой эле экономиканы диверсификациялоо жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча ой бөлүштү.

“Биздин алдыбызда быйыл  ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшүн 8% деңгелде камсыздоо турат. Азырынча эки айдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүчкө жетише алдык. Саясий абал туруктуу болсо алдыга койгон максаттарга жетишүүгө, мындан тышкары экономиканы диверсификациялоо боюнча долбоорду аягына чейин чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Өкмөт бул багытта чоң иштерди алып барууда”,- деди Ж. Сатыбалдиев. 

М.Енча Кыргызстанда позитивдүү көрүнүштөр көп жасалып жатканын белгиледи. “мен түштүктө болуп  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык сектор, БУУнун структуралары менен  жолугуштум жана алдыга жакшы жылыштар бар экендигине ынандым”,- деди ал. 

Ошондой эле БУУнун Генералдык секретарынын Атайын Өкүлү КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик мамлекеттик агенттигинин түзүлүшүн жана республикада элдин биримдиги менен этностор аралык мамилени бекемдөө Концепциясын кабыл алынышын жогору баалады.

Премьер-министр жогоруда аталган агенттикке өтө жоопту милдеттер тапшырылаарын жана өлкөдө элдин биримдиги менен этностор аралык мамилени бекемдөөдө Концепция негизги  орунду ээлерин белгиледи. 

БУУнун Атайын Өкүлү Кыргызстандын өнүгүшүнө зарыл болгон жардамдарды БУУ көрсөтүүгө даяр экендигин  билдирди.

                                                                                                                                                                                              КР Өкмөтүнүн Аппаратынын                                                                                                                                                                                                        маалыматтык саясат бөлүмү