15

Февраль

2013

Кечээ, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Кыргызстанга Кумтөр долбоору боюнча консультацияга келген Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын экономикасы жана Центерра компаниясынын бардык акционерлери үчүн Кумтөр долбоорунун маанилүүлүгүн толук түшүнүштү

Премьер-министр Кумтөр долбоорун мындан ары ишке ашырууда Кыргызстандын башкаруучулук жана экономикалык позицияларын жакшыртуу зарылчылыгына токтолду. Centerra Gold Inc.компаниясынын президенти түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен аны чечүүдө конструктивдик сүйлөшүүлөр менен компромисстик жолдорун табууга даярдыгын билдирди.

Тараптар Кумтөр алтын кенинде үзгүлтүксүз ишти камсыздоонун зарылчылыгына токтолушту жана мындан аркы консультациялар Кумтөр долбооруна катышкандардын бардык кызыкчылыктарын эске алуу менен өтөөрүн түшүнүштү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү