31

Октябрь

2013

Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратленди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетикалык секторун реформалоо, анын ичинде CASA-1000 долбоорун ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Тараптар учурда Бишкекте өтүп жаткан, энергетика секторун реформалоо маселесине байланышкан Эл аралык конференциянын маанилүүлүгүн белгилешти.

Премьер-министр энергетика тармагы тоо-кен өнөр-жайы жана туризм менен катар эле атамекендик экономиканын перспективдүү багыттарынын бири.

Өз кезегинде Элчи АКШ Өкмөтү CASA-1000 долбоорун ишке ашырууда жана энергетикалык тармакты реформалоодо Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө кызыктар экендигин баса көрсөттү.

Ошондой эле, Памела Спратлен Кыргыз Өкмөтүнүн «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүнө кызыкты.

“Кыргызстан үчүн “Кумтөр” маселесин сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү абдан маанилүү. “Кумтөрдүн” тынч жол менен чечилиши өлкөнүн аброюна жана республикадагы инвестициялык абалга жагымдуу таасир калтырат”,- деди дипломат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү