21

Сентябрь

2015

Премьер-министр Жумгал районундагы мектеп окуучусунун өлүмүнө алып келген окуяны тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жумгал районундагы мектеп окуучусунун өлүмүнө алып келген окуяны тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Мындай тапшырманы Темир Сариев социалдык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага берди.

Ага ылайык, бул окуя боюнча Билим беруу министрлиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, окуянын келип чыгуу себептери жана ага жооптуу адамдар аныкталышы зарыл.

Темир Сариев мектепте мындай окуялардын орун алышына жол бербөө зарыл экендигин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү